Тунгишбаев Казакстанга өткөрүлүп берилеби? HD
Башкы прокуратура Казакстандын жараны Мурат Тунгишбаевди өз өлкөсүнө өткөрүп берүү туралуу чечимди мыйзамсыз кабыл алган. Бул туралуу Тунгишбаевдин жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди. Эл аралык келишимге ылайык, биздин мамлекетте кылмыш кылбаган жаранды өз өлкөсүнө өткөрүп бербөөгө мыйзам жол берет. Жактоочунун айтымында, судья Айбек Эрнис уулу Тунгишбаевдин ишинде Казакстандын жаза кодексинине ылайык камоого алганы, биздин мыйзамга туура келбейт.