МАИ кызматкерин унаанын капотунда сүйрөп кеткен айдоочу суракта
Жол- кайгуул инспекторун, унаасынын капотуна сүйрөп кеткен айдоочу, 10 күнгө тергөө абагына камалды. Учурда, бул окуя боюнча сурак берүүдө. Анда, айыпталуучу, жол сакчы ага тапанча кезегендигин, мындан улам, ал коркуп кетип, милицияны капотуна жаткырып алып, айдап кеткендигин айтып актанууда. Учурда, кылмышка шектелген жаранга карата "укук коргоо органдарынын кызматкеринин жана аскер адамынын өмүрүнө кол салуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Маалыматтар боюнча, бул берене менен, айыпталуучу, 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошол эле убакта, милиция кызматкерлери өздөрү катышкан окуяларда, алар жазасыз калып жатканын айткан пикирлер да бар