⭕“Алты бала менен жесир калдым” дейт көчө шыпырып жүрүп каза болгон “Тазалык” кызматкеринин жубайы
12-декабрь таңга маал Бишкектин Жибек Жолу жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде “Тазалык” ишканасынын кызматкерин унаа сүзүп, ал каза болгон. Маркумдун үй-бүлөсүнө мэриянын фондунан 50 миң сом кенемте төлөнгөн. Биз маркумдун агасы жана жубайы менен окуя болгон жерге бардык. “Күйөөмдүн артында жашы жете элек 6 балабыз калды. Айдоочу жайыраак айдаса, балким күйөөм тирүү калмак беле” дейт. Толугу менен видеодо. Видеону толугу менен бул жактан көрүңүз ⤵️ https://serep.kg/supertv/koom-videolor/alty-bala-menen-jesir-kaldym-deit-kocho-shypyryp-jyryp-kaza-bolgon-tazalyk-kyzmatkerinin-jubaiy/