Күйөөсү сабап, майып бала төрөгөн келинге талагын берип чыгарып салышты

03.02.2020
Баткенге келин болгон Фатима Азимова күйөөсүнүн ур-токмогунан жабыр тартканын айтууда. Анын айтымында, Тажикстанда чоңойгон. Баткенде аны боюнда бар кезинде күйөөсү уруп, эгиз баласынын бирөөсү боюнан түшүп, экинчисин дарыланып жүрүп төрөгөн. Бирок азыр баласынын көзү көрбөй, майып болуп отурат. Жакында эле баласына Бишкек шаарынан операция жасаткан. Бирок экинчи операциясына февраль айынын аяк ченинде баруу керек болуп, анын айынан күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылган. Жолдошу майып баланын кереги жок экендигин айтып сабаган. Фатима айым баласы менен ооруканада жүргөндө күйөөсү талагын берип, ажырашкандыгын билдирген. Толугу менен http://www.turmush.kg

Похожие видео

Показать еще