Флешмоб: Көпчүлүктү кызыктырган элечектин көркү (видео, фоторепортаж) Баракелде, Бишкек 22.07.2017 13:33 коом Turmush - Ак элечек кийген кыз-келиндер Бишкек шаарында флешмоб уюштурушту. Кечээ, 21-июлда Бишкек шаарындагы көчөлөрдө, соода түйүндөрдө, базарда, коомдук унааларда жана коомдук жайларда элечекчен жүргөн катышуучуларга кызыгуу менен кайрылгандар көп болду. Чет элдик туристтер да кыя өтпөй, улуттук баш кийим менен өзгөчө кызыгуу артып таанышып жатышты. «Элечегим сыймыгым» акциясын «Ак элечек апалар» долбоорунун демилгечиси Айжан Акылбекова уюштурган. Иш-чаранын максаты — улуттук баш кийимди даңазалоо, анын улуулугун, баалуу экенин, аялзатына көрк берерин жалпы кыргызстандыктарга, жаштарга жана чет өлкөлүктөргө көрсөтүү
одноклассники