Ок атышууга шектелген эки БАНДИТТИН ВИДЕОСУ HD
Ички иштер министрлигинин ыкчам тергөө тобу Бишкектеги ок атышууга шектүү эки жаран кармалганын маалымдады. Алардын 24 жаштагы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургундары болгон. Шектүүлөрдүн жанынан огу жок “Макаров” куралы табылды. Баштапкы маалыматтар боюнча жабыркагандар менен шектүүлөрдүн ортосунда бир жарым жылдан бери пикир келишпестик болуп келген. Милициянын маалыматында, 9 - декабрда саат жети жарымга чукул Гагарин жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз автоунаадан “Тойота-Авенсис” үлгүсүндөгү машинеге ок атылган. “Тойота-Авенсистин” ичинде үч киши болгон жана алар белгисиз автоунааны кубалап баратып жол кырсыгына кабылган. Окуя болгон жерден “Макаров” куралыныкы болушу мүмкүн делген октун алты гилзасы табылган. “Тойота-Авенсис” автоунаасы тинтүүгө алынып, жабыркагандардын буюмдары алынган. Жабыркагандар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген. Милиция шектүүлөр “Коопсуз шаардын” видео көзөмөл байкоолорунун жардамы менен табылганын белгилейт. Учурда бул факт Жазык кодексинин 39-310 (Кол салуу) беренеси менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүрүп жатат. Мы показываем то, о чем другие молчат. Узнай правду вместе с нами! Подписывайтесь на наш канал!