Сүмөлөк -2020.Москвада үй шартында сүмөлөк кайнатабыз. HD

11.04.2020
Салам достор! Сүмөлөк! КЫРГЫЗ ДААМДАРЫна кош келипсиздер. Сиздер мене Москвада уй шартында сумолок кайнатабыз. Силерге үй шартында #сүмөлөктүн рецебин көрсөтөм.Сумолок -2020. Бизге : буудай-300гр май-500мл. ун-1кг300гр жана жакшы настроение керек болот. Биз буудайды алып, жакшылап тазалап алабыз. Бизге бүтүн анан даны толо буудай керек болот.Тазалап жууп , жылуу сууга салып 24 саат койуп коёбуз. 24 саат өткөндөн кийин алып суусун сыркытып, хлопковый материалга ороп дагы 24 саат койуп коёбуз. Андан кийин подноско чачыкты салып анын үстүнө буудайды тегиз кылып жайып чыктым. Жайып, күндө жылуу суу чачып турушубуз керек.Жылуу суу чачып үстүнө чачык жаап койдум. Мен кухняда эле өндүрдүм. Менде буудай 4 күндө өндү. Буудайдын үстү жашыл болуп өсүп кетпеш керек. Түбүндөгү ак тамырлары көөп болуш керек. Ошол ак тамыры көп болсо , сүмөлөк аябай ширин болот.Азыраак сүмөлөк кайнаткан үчүн менин сүмөлөгүм бат даяр болду. Сүмөлөктү бышканча тынбай аралаштырышыбыз керек. Ар 2 саатта суусу тартылып , 6 саатта демдеп , 5 сааттан кийин ачтым. Аябай даамдуу болду.Эң негизгиси бизде жакшы желание Жана жакшы настроение болсо баары ойдогудай болот. #сүмөлөк #сүмөлөкжасоо #кыргызчарецептер #кыргыздаамдары #Москвада, #Москвадасүмөлөкжасоо #москвадасүмөлөккайнатабыз #сүмөлөкжасоокыргызча #оромо # боорсок #камыр #тамакжасоо #оромо # боорсок #торт #даамдуутамак #КыргыздарМосквада

Похожие видео

Показать еще