Жалал-Абад санаторийиндеги кызмат талаш HD

26.12.2020
Жалал-Абад санаторийинин жетекчилик кызматы кайрадан талашка түштү. Аталган жайга убактылуу жетекчи катары келген Эгемберди Айтиевди андагы кызматкерлер кабыл алган жок. Алар учурдагы жетекчини иштен алуу жана жаңысын дайындоо мыйзамсыз болгонун айтышууда. Ал ортодо бул фактыны милиция Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, имаратты өз алдынча басып же ээлеп алуу беренеси менен каттоого алып, териштирүү жүргүзө баштады.

Похожие видео