Террористтердин качканына жаза аткаруу кызматы күнөөлүүбү? HD
Кыргызстандын жазаларды аткаруу системасы терең реформалоого муктаж! №50- түзөтүү абагындагы кандуу окуядан кийин, тармактагы көйгөйлөрдү тезинен жоюуу керектигин жашыруу мумкун болбой калды, дешет адистер. Үч кызматкердин өлүмүнө алып келген, өзгөчө кооптуу кылмышкерлердин качып кетүүсү - пенитенциардык тутумда, коррупция менен шалаакылык гүлдөп жатканын дагы бир жолу тастыктады. Мындай башаламандык, жаза аткаруу мекемесинде биринчи жолу болуп жаткан жок. Колониялар менен тергөө абактарын администрация эмес, кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү башкарып жатканы жашыруун эмес. Адистердин пикиринде, мамлекет, бул тармакка көңүл буруп, каржылоо жана кадр маселесин тезинен чечуусу керек.