«Терисин бүтүн бойдон сыйрып алып...»: Эшимкулова ыштык өнөрү тууралуу айтып берди HD

30.04.2022
ПОДРОБНО https://naryn.turmush.kg/news:466066 Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Баш-Кууганды айылынын тургуну Гүлжамал Эшимкулова кыргыздын улуттук суусундугу болгон кымызды даярдоого керектелген чанач менен сабаны жасап келет. Ата-бабаларыбыз аздектеп келген ыштык өнөрүн өздөштүргөн элет тургуну менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду. Каарманыбыз акыркы 20 жылдан бери бул өнөрдү аздектеп келе жатат. Учурда ал огородуна атайын ыштык жасап алган. Боз үйдүн сөлөкөтүнө окшошкон ыштыкка кеминде 20га чукул саба, чанач какталат. Алдыдагы кымыз сезонуна даярдалып жаткан саба, чаначтар ышка 1 ай бою какталып, анан даяр болот. Анын айтымында, бир ай бою ыштыкка какталган саба, чаначтарды акыркы 30чу күнү алып чыгып, сары май же суу май менен терини майлап чыгышат. Сабага көбүнчө уйдун териси жумшалат, айрым учурларда жылкынын терисинен да жасашат. Ал эми кымыз даярдалуучу чаначка эчки жана улактын териси керектелет.

Похожие видео

Показать еще