Акыр заман- айың кеп КТРК

11.12.2012
Окумуштуулардын, теологдордун, сейсмология боюнча адистердин бир нече жолу эскерткендигине карабастан 2012-жылы 21-декабрда «акыр заман» болот экен деген пикирлер токтобой жатат. Айрым адамдар ага даярдыктарды да көрүп коюшуптур. Бактыга жараша, «акыр заман эмес алтын доор башталат» дегендер да жок эмес. Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Күндүн темасы" программасы аркылуу кырдаалды калкка кеңири түшүндүрүү максатында студиябызга: - Аалым Чубак ажы Жалиловду, -Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн ага офицери Азамат Койчубековду, - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин астрономия илими боюнча окутуучусу Абакир Калыбековду чакырганбыз. Берүүнүн толук чыгарылышын көрүүнү сунуштайбыз. Программаны алып барган "Биринчи радионун" баяндамачысы Сагынбек Абдыкалыков.

Похожие видео

Показать еще