ТЭЦ үчүн 107 млн. доллар үстөк пайыз төлөнөт HD

21.02.2018
Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо үчүн Кытайдан алынган насыяга 100 миллион доллардан ашык үстөк пайыз төлөнөт. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков 20-февралда ЖЭБдеги авариянын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында эл өкүлү Улан Примовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, насыя эки пайыздык жылдык үстөк менен 20 жылга алынган. Келишимге ылайык, 2033-жылга чейин Кытай тарапка 100 миллион доллардан ашык үстөк пайызы менен 493 миллион доллар кайтарылууга тийиш.

Похожие видео

Показать еще