Чоң-Алай эли миң гектардан ашуун жайытты алмаштыруу жолу менен болсо да алып калуу аракетинде
Чечилбей келе жаткан чек ара көйгөйү Чоң-Алай калкынын негизги маселеси болуп келүүдө. Тажикстан менен чектешкен Кара-Тейит, Кара-Мык айылдарынын калкы илгертен пайдаланып келген 1000 гектардан ашуун жайыт карта боюнча Тажикстанга караштуу экенин эл жакында гана кабардар болгон. 1924-25-1961-1989-жылдардагы карта боюнча Унжу-Булак жайлоо жайыты Тажикстан тарапка карайт. Жашоочулар,Тажикстандын чек арачылары ал тарапка өтүп кеткен малдарды алып өтүп кетип жатышканын, утуру жакындашып келе жатканын, тоонун эки бети гана бөлүп турганын айтышат.