Ошто ири суммадагы акчанын каракталышы боюнча шектүүлөрдүн жакындары милицияны күнөөлөшүүдө HD
Окуя өткөн 2017-жылдын 29-декабрында саат 22:30 чамасында болгон. Маалыматтар боюнча, куралчан кол салгандар бет кап кийип алып, 32 жаштагы кожоюнду бычак жана тапанча менен коркутуп, акча талап кылышкан. Үйдө ишкердин жубайы жана 2 жаш баласы бар болчу. «Кол салгандар үйдөн 10 миң доллар (КР Улуттук банкынын курсу боюнча 693 миң 877 сом), 560 миң рубль (КР Улуттук банкынын курсу боюнча 689 миң 80 сом), 14 млн сомду (жалпы 15 млн 382,9 миң сом) карактап кетишкен.