Нариман айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелерди мыйзамсыз сатканбы? HD
Нариман айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ибрагим Гафуровго жер тилкелерин мыйзамсыз саткан деп айып тагышууда. Мындай күнөөнү 13 жылдан жылдан бери чек ала албай келген жергиликтүү тургун Мурадилжон Кочкаров тагып жатат. Айтымында, жетекчи Ибрагим Гафуров жер тилкелерди муктаждарга эмес, акчалууларга берип жүргөн. Өзү да алардын сунуштоосу менен алган чеги буга чейин эле эки-үч кишиге сатылып кетиптир. Ошонун айынан балдарын бөлүп чыгара албай, үй-бүлөнүн 20 мүчөсү бир үйдө жашоого аргасыз болууда.