Папандыктар көп жылдан бери жер ала албай жаткандыктарын айтышып, президентке кайрылуу жолдошту HD
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүнүн бир топ жашоочулары көп жылдан бери жер ала албай жаткандыктарына нааразычылык билдиришип, бүгүн, 8-май күнү АКИпресс-Ошто маалымат жыйынын курушту. Ал өз сөздөрүндө көп балалуу үй-бүлөлөр жер ала албай жаткандыктарын, бир нече жыл мурун сел кетип, айрым жашоочулардын үйүнө коркунуч жаралгандыгын, ал тургай ӨКМ жашоого болбойт деп негиздеме бергендигин, ошого карабай бүгүнкү күнгө чейин жер маселеси чечилбей келе жаткандыктарын айтышып, бир катар көйгөйлүү маселелерге да токтолушту. Ошондой эле, алар акчалуулар жакшы жерди алып жаткандыктарын, карапай эле кайра эле сел коркунучу бар жерлер тийип калып жаткандыктарын кошумчалашты.