Кара кыздын агынан эмес, баллынан... HD
Учурда абитуриенттер кайсы окуу жайга, кайсы адистикке тапшырарын билбей баштары маң. Дээрлик бардык окуу жайлар жалпы республикалык тесттен 105 баллдан жогору алгандарды гана кабыл алат. Албетте көп талап кылынган адистиктерге өтүш үчүн балл жогору болушу шарт. Быйыл өлкө боюнча 62 миң окуучу мектепти аяктаса, анын 52 миңи тест тапшырган. Бюджеттик орун өлкө боюнча болгону 5421. Абитуриенттерди кабыл алуу адаттагыдай 3 айлампа менен өтөт. 1-тур 7-12-июлда, 2-тур 14-19-июлда жана акыркы тур 21-26-июлда болот. Абитуриенттер көп тапшырып, талап жогору болгон окуу жайлар катары Борбор Азиядагы "Америка" университети, Кыргыз-орус "Славян" университети, Кыргыз-түрк "Манас" университети аталууда. Это видео создано в редакторе слайд-шоу YouTube: http://www.youtube.com/upload.