Сулайман-Тоода өзүн өлтүрүүгө аракет кылган келин эмне үчүн мындай кадамга барганын айтты

28.06.2022
ПОДРОБНО https://www.turmush.kg/news:470986 Бүгүн, 28-июнда АКИпресс-Ошто Сулайман-Тоодо өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган Айгерим Эмилбек кызы эмнеге мындай кадамга барганын айтып, маалымат жыйын өткөрдү. Анын айтымында, мындай кадамга баруусуна жолдошу 4 баласын көрсөтпөй жатканы себеп болгон. Ал эми анын жолдошу Р.Бекзат жубайы Айгерим Эмилбек кызы коюп жаткан дооматтар курулай жалган экенин билдирди. Анын айтымында, жубайы кошунасынын 1 млн сомдук буюмдарын уурдап, учурда иши сотто каралып жатат. Бул окуя жубайы менен ажырашууга себеп болгон. Ал буга чейин жубайына бир нече жолу эскертүү бергенин белгилеп: «Балдарды көрсөтүп же көрсөтпөөнү мен эмес, сот чечет. Учурда чечимин күтүп жатабыз. Сот кандай чечсе, ошол мыйзамды сыйлайм», - деди. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков Айгерим Эмилбек кызынын өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасоосу боюнча жолдошу бүгүн, 28-июнда тергөөгө чакырылганын билдирди.

Похожие видео

Показать еще