Ноокатта мөндүр турак үйлөрдүн чатырларын талкалады

06.06.2018
Ноокат районунда мөндүрдүн кесепетинен бир нече турак үйдүн чатыры жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 5-июнда саат 16:30 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаан-чачын жана мөндүрдүн кесепетинен Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылында 3 турак үйдүн чатырларынын шиферлерин мөндүр талкалап, жараксыз абалга алып келген. Мөмө-жемиштерге аз өлчөмдө (алма, өрүк) зыянын тийгизген. Ошондой эле, Көтөрмө айылынан өткөн Шамай селканасынан сел суулары аккан. Айдоо аянттарына жана адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Похожие видео

Показать еще