Аксыдагы Үнкүр-Тоо коңшу өлкөгө берилет, деген маалымат - жалган!
Кыргызстан-Өзбекстан чек арасынын "Чаласарт" тилкесинде 18-мартта жайгаштырылган коңшу өлкөнүн 40 аскер кызматкеринин саны, учурда 4 адамга чейин кыскарды. Бул тууралуу, чек араларды делимитациялоо жана чек арадагы аймактарды өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров айтты. Ал белгилегендей, Өзбекстан, эки өлкөнүн чегиндеги макулдашылбаган тилкелерге - тосмолорду орнотуп, терең аңдарды казып салган. Кыргызстан болсо, чек аранын такталган жерлерин гана тосуп жатат. Мындан тышкары, Өкмөттүн Аппаратынын бөлүм башчысы Элдияр Убалиев Аксыдагы- радиорелейлик станция турган Үнкүр тоосу, Өзбекстандын аймагында жайгашкан, деп жазылган протокол- жасалма документ экенин кабарлады. Айта кетсек, буга чейин, дал ушул станция турган жер коңшу өлкөгө өтүп кетти, деген маалымат тарап кеткен.