Кытай мусулмандары азаптан арыла элек
#БүгүнАзаттыкта: 00:58 – Жапонияда жаңы доор башталууда. Шаршембиге караган түнү император Акихито тактыдан баш тартып, бийликтен кетет. 03:50 – Казакстанда бийликке каяша айткандарды кармоо уланууда. Башкы прокуратура 1-майда митинг болсо чара көрулөрүн эскертти. 06:38 –Кабулда улуттук курултай өтүп жатат. Өлкөнүн булуң бурчунан 3200дөн ашык делегат катышууда 09:47 – Кытайдагы мусулмандар, тагыраагы жүз миңдеген уйгур, казак, кыргыз жана башкалар "чектен чыккан кыянатчылыкка" кабылууда. Бул тууралуу АКШнын диний эркиндик боюнча эл аралык комиссиясы билдирди. 10:42 –Мозамбикте "Кеннет" циклонунун айынан өлгөндөр 40ка чукулдады. 11:20 – Өзүн «Ислам мамлекети» атаган террордук топ лидери Абу Бакр ал-Багдади тирүү экенин көрсөтүүдө. 12:20 – Орусия менен Украина президенттеринин ортосунда жарандык маселесине байланыштуу кайым айтышуу кызыды. 13:04 – Парижде өрттөнгөн Нотр- Дам чиркөөсүн калыбына келтирүүгө камылга жүрүп жатат.
Похожие видео
Показать еще