Көчө шыпырган эне СУУКТА кыйкырып ырдап МААНАЙ көтөрдү/ Т.Амировадан “Бир жылмайып кой” иш-чарасы

18.02.2020
Каналга катталыңыздар!!! https://www.youtube.com/channel/UCChd6d_O2SxlQa-spP-5C7Q Толгонай Амировадан “Бир жылмайып кой” аттуу майрамдык маанай Ош шарында кандай гана аба-ырайы болбосун шаардын тазалыгына кам көрүп кызмат кылган Ош-Тазалык атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы. Кызматкерлер таңкы саат 3төн баштап, нөөмөтү менен түнкү 12ге чейин кызматта. Бул күнү Ош шаарында “Бир жылмайып кой” аттуу майрамдык иш-чара уюуштурулду. Ар дайым өткөрүлүп келген саамалыктын демилгечиси Толгонай Амирова. Ал Добро MED медициналык борборунун жетекчиси. Иш-чарага өнөктөш болгон “Бал боорсок” кондитердик үйүнүн жетекчиси Адина Баялиева. Майрамдык жүрүштө Ош тазалыкта эмгектенген 50 жумушчуга дары-дармек жана атайын акысыз медициналык кароодон өтүүчү сертификаттар тапшырылды. Ага улай эле кызматкерлерге шириндиктер, таттуулар берилди. Күндүн сууктугуна карабай өз жумушун мыкты аткарган апалар уюуштуруу тобуна ыраазычылык айтып батасын берип, ырдап берди.

Похожие видео

Показать еще