«БТА» банк эмне үчүн журналист Эльнура Алканованы жоопко тартуу аракетин көрүүдө? HD

14.12.2017
«БТА» Банкынын жетекчилиги эл аралык «Фергана» маалымат агенттигинин штаттан тышкаркы журналисти Эльнура Алкановага кылмыш ишин козгоону талап кылып арыз жазган. Журналист Эльнура Алканова мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин улутташтырылган элиталык коттеждери боюнча иликтөө жүргүзгөн. Иликтоонун негизинде «БТА» банкынын башкаруучу директору Дмитрий Белых арыз менен экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына арыз менен кайрылган. Ал, журналист Эльнура Алканованы банк сырларын ачыктады деп айыптаган.

Похожие видео