Кара-Көлдө 8-мартка карата 250 айымга белек берилди

06.03.2018
Бүгүн, 6-мартта Кара-Көл шаарында 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата иш-чара уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы. Маалым болгондой, иш-чара концерттик программа менен башталып, мэр Ильяз Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Кыргызалиев,аялдар кеңешинин төрайымы Бактыгүл Маматаева, башкы имам Бектен Керезбаев куттуктоо сөзүн сүйлөштү. Андан кийин шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошкон айымдар, үй-бүлөлүк баалуулукту сактап, үлгүлүү балдарды тарбиялаган энелер, облустук предменттик олимпиадаларга катышып, республикалык олимпиадаган жолдомо алган окуучуулар мэриянын ардак грамотасы менен сыйланышты. Мындан тышкары, 250 айымга майрамдык белектер жана гүл дестелер тапшырылды. Белек алган айымдардын арасында оруктун арадагерлери, баатыр энелер жана мекеме-ишканалардын алдыңкы аял кызматкерлери бар.

Похожие видео

Показать еще