Тушунук: Жаңы жыл качан, кайда, эмнеге жана кимдер тарабынан түзүлгөн?

17.12.2016
Күндөр — айга, айлар — жылга алмашат. Бул биз кааласак да, каалабасак да кудуреттүү жаратуучубуздун бизге берген мыйзам ченемдүүлүктөрүнүн бири. Бирок кептин төркүнү ошол жаңы жылдын келүүсүндө эмес, аны тосуунун шаан-шөөкөттүү жөрөлгөлөрүндө турат. Маселен биздин маданиятыбызга, экономикабызга, аң сезимибизге деги эле күнүмдүк тиричилигибизге кедергисин тийгизип жаткан жокпу? Эл азыркы жаңы жылды кандай майрамдайт? Жаңы жылды тосуунун жакшы жактары барбы, ал эми кесепеттеричи? Мына ушул суроолордун айланасында Түшүнүк көрсөтүүсүнүн кезектеги чыгарылышында тереңден акыл калчап, жигердүү жооп издөөгө аракет кылдык. Студиянын коноктору: Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев менен КУИАнын тарых институтунун улук илимий кызматкери Ырыскул Жолдошов.

Похожие видео

Показать еще