Алматыда Мухтар Алиев жерге берилди HD
Алматыда белгилүү хирург, казак президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы кудасы Мухтар Алиевдин тажыясы болду. 82 жаштагы Алиев 12-январда дүйнө салган. Маркум менен коштошуу зыйнаты шаардагы Окумуштуулар үйүндө өттү. Ага маркумдун жакындары, калаа жетекчилиги, кесиптештери катышты. Президент Назарбаевдин көңүл айтуу катын Алматынын акими Ахметжан Есимов окуп берди. Чоң атасына топурак салууга Рахат Алиев менен Дарига Назарбаеванын уулдары Нурали жана Айсултан келишти. Академик Мухтар Алиев Дарига Назарбаеванын мурдагы кайын атасы. Алиевдин уулу, Назарбаевдин экс-күйөө баласы Рахат Алиев июндан бери Австрияда камакта отурат. Алматы, 13.01.2015 ("Азаттыктын" казак кызматы) Originally published at - http://www.azattyk.org/media/video/kazakhstan_almaty_aliev/26791312.html
Похожие видео
Показать еще