“Эсептөө палатасы мекеме, ишканалардын кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жаткандыктан, финансылык кылмыштар көп катталууда. Каржылык мыйзам бузуу иштери прокуратурага жөнөтүлүп жатат. Мындай болсо сот жообуна тартылган жарандардын саны көбөйөт. Бул түздөн түз Эсептөө палатасынын алдын алуу жумуштарын жүргүзбөгөндүгү деп эсептейм”. “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев мындай пикирин Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирип, Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүнө канааттанбай жатканын ырастады.
одноклассники