Президент төрт эмге 2 млн сом берди
Бишкекте төрөлгөн төрт эмдин ата-энесине президент Сооронбай Жээнбековдун атынан 2 млн сомдук сертификат тапшырылды. Мындан сырткары бактылуу үй-бүлөгө өкмөт 150 миң сом, Бишкектин Октябрь райондук администрациясы 90 миң сом акчалай жардам берди. Төрт эм жана алардын энеси бүгүн төрөтканадан үйгө чыгып кетет. Кечээ наристелерге туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген. Арууке, Айчолпон, Акбермет, Сооронбайдын жана алардын энесинин абалы жакшы. 25-февралда орточо 1,4 кг салмакта төрөлгөн ымыркайлар бул аралыкта дээрлик 300-400 граммдан салмак кошкон. Балдарга өзгөчө камкордук, массаж керек. Төрт эмдин апасы менен чоң энесине мунун баарын дарыгерлер бир ай ичинде үйрөтүп берген. Үй-бүлөнүн өз турак-жайы жок, батирде ижарада турушат. Төрт эм – жубайлардын зарыгып күткөн балдары, алар төрт жылдан бери наристе жытын жыттоону тилек кылып келишкен эле. site - http://kalys.media/ facebook - https://www.facebook.com/KalysMedia odnoklassniki - https://www.ok.ru/group/53991609401479 telegram - https://t.me/kalysmedia instagram - https://www.instagram.com/kalys.media/ twitter - https://twitter.com/kalysmediagroup #КалысМедиа, #Кыргызстан, #Жанылыктар
Похожие видео
Показать еще