Прокурордун өлүмүнө шектүүнүн тарапташтары митингге чыгышты HD
Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрүүгө шектүү Мелис Калыковдун тарапташтары 26-ноябрда митингге чыгышты. Буга чейин шектүүнүн жакындары окуяга кылмыштуу топ аралашканын белгилеп, терең иликтенбей жатканын билдиришкен. Баткен облусунун мурдагы прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.