Күздөн тарта жаңы Патрулдук милиция кызматы ишке кирет HD
Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын ишмердиги ар убак сынга алынып, кызматкерлердин жолдо туруп айдоочулардан акча алганы, мекеменин коррупцияга белчесинен батып калды деген кептер көй айтылып келген. Чынында МАИ кызматкерлеринин эреже бузган айдоочулардан пара талап кылып, акча алып жаткан жеринен кармалган окуялар, видеого тартылып алынган тасмалары менен дагы алардын мындай мыйзамсыз аракеттери көп эле жолу тастыкталды.