Өлүм менен коштолгон мушташ: Каза болгон 17 жаштагы Аманбек HD
Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов Бактуу-Долоноту айылынын 17 жаштагы тургуну мушташтан улам каза болгонун тастыктады. Анын айтымында, каза болгон жигит менен Кара-Ой айылынын 17 жаштагы тургуну кыз талашып жекеме жеке мушташкан. Мушташта Бактуу-Долоноту айылынын тургуну талылуу жерге сокку жеп, ооруканага жеткирилген. Ооруканага алып барышканда ал каза болгон. «Учурда мушташка катышкан экинчи жигит Ысык-Көл РИИБге алынып келинди. Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголуп, иш тергелип жатат», - деди басма сөз катчы.